Саясатчы Орозайым Нарматова: «Жокко чыгарылды деген дипломум бул журналисттик кесипке байланыштуу болчу»

«Жокко чыгарылды деген дипломум бул журналисттик кесипке байланыштуу болчу». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова билдирди.

«Социалдык тармактарда эң көп таң калтырганы — бул «Орозайым Нарматованын кесиби эмне экен?» деп суроо салгандар болду. Албетте, саясатчы кесип эмес, саясатчы болуп калыптанасың. Менин биринчи кесибим бул — эсепчи, ал эми экинчи кесибим бул — жокко чыгарып койду деген дипломдук кесибим журналист. Журналисттик менин каныма, жаныма сиңип калган», — деди ал.