Саясатчылардын телефондорун тыңшоо. ИИМ 6-январдан 10-февралга чейин телефондорду тыңшап жүргөнүн мойнуна алды

Бир катар маалымат агенттиктерде Клара Сооронкулова жана башка бир катар саясатчылар кол койгон, укук коргоо органдары айрым адамдардын телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоону мыйзамсыз жүргүзгөндүгү айтылган билдирүүсүнүн жарыяланышына байланыштуу ИИМ төмөнкүлөрдү билдирди:

«2020-жылдын октябрь айында болгон окуяларга байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде материалды ресстрге каттаган. Бул сотко чейинки өндүрүш Башкы прокуратура тарабынан Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кошумча тергөө иштерин уюштуруу үчүн тапшырылган. Адамдардын катышуусун аныктоо, кылмышка катыштыгын текшерүү, алар менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылган шектүүлөрдүн ортосундагы мүмкүн болгон байланыштарды түзүү үчүн, Жазык-процессуалдык кодексине ылайык 6-январдан 10-февралга чейинки мөөнөткө телефондук сүйлөшүүлөрдүн байланышын түзүү боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна өтүнүч менен кайрылган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту өтүнүчтү канааттандырды.

Мөөнөт аяктагандан кийин, андан ары атайын тергөө аракеттери сот тарабынан узартылган жок. Ошол эле учурда, Конституцияга ылайык, ар ким кат алышуунун, телефондун жана башка сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет. Тергөө кызматы өз ыйгарым укуктарынын чегинде жана мыйзамга ылайык иш-аракеттерди жүргүздү»,— деп айтылат маалыматта. 

Клара Сооронкулова ИИМ саясатчыларды тыңшарын, тизмеде 100дөн ашуун адам бар экенин айтып чыккан. Бишкектин Биринчи Май райондук соту окуя боюнча үн катып, судья мыйзамдуу, негиздүү жана объективдүү чечим чыгарганын билдирди.