Селде сымал жоолук оронбой, үкүлүү тебетей кийген кыздар. Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн жана эртең Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Расмий делегациянын өкүлдөрүн үкүлүү тебетей кийген кыздар тосуп алууда. Кыздардын бир эле баш кийими эмес, чапандары кемселге алмашкан.

Буга чейин Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна келген президенттерди тосуп алган селде сымал жоолук оронгон кыздар коомчулуктун тепкисине алынган эле.