Селден улам Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Ош облусунун аймагында абал турукташып, сел каптаган райондордо калыбына келтирүү, тазалоо жумуштары аяктаганына байланыштуу, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде, облус аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, буйрук кечээ, 29-апрелде чыккан.

Ошто нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен айдоочу каза болгон. ӨКМ маалымат таратып, сел суулары 34 үйдүн короосун каптаганын, анын ичинен 5 үйдүн жана мектептин жер төлөсүнө сел суусу киргенин билдирген. Мындан улам облус аймагына 22-апрелде өзгөчө кырдаал режими киргизилген.