Сентябрь айында бензин дагы 2 сомго кымбаттайт. Себеби эмнеде?

Сентябрь айынан тартып Орусиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан бензин алып чыгуу боюнча буйрутма берилгенде тоннасына 19,3 доллар болгон экспорттук бажы алымы колдонулат. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы беш жыл ичинде энергетикалык ресурстарга суроо-талап тынымсыз өсүп жатканына карабай, Орусия тараптан бажы төлөмдөрүн албаган күйүүчү майдын көлөмү өзгөргөн жок. Натыйжада, август айында Кыргызстан пошлинасыз бензиндин бардык көлөмүн тандап алган.

«Буга чейин биз индикативдик баланстагы мунай продуктыларынын көлөмүн көбөйтүү өтүнүчү менен Энергетика жана өнөр жай министрлигине кайрылганбыз. Министрлик Орусиянын Энергетика министрлигине суроо-талап жөнөттү, бирок Орусия Федерациясы ички рыноктогу чектелген ресурстарга жана экспорттоого тыюу салуу мүмкүндүгүн айтып, көлөмдөрдү кайра кароодон баш тартты», — деп айтылат маалыматта. 

Экспорттук бажы алымынын колдонулушуна байланыштуу күйүүчү майдын литри 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн.