Бишкекте шаар тургундарын акысыз ташуу уюштурулууда

Акимчиликтер жарандарды акысыз ташууну уюштурууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 2-июнда кичи автобустардын айдоочулары линияга чыкпай калгандыгына байланыштуу борбор калаанын акимчиликтери жарандарды бекер ташууну уюштурушат. Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалыктары шаар тургундарын бекер жеткирүүнү уюштурушту. Биринчи кезекте алар карыларга жана балалуу аялдарга үйгө жетүүгө жардам беришет. Бардык унаалар маршруттук таксиде жазылган белгилерди орнотушкан. Биринчи Май районунда саат 18:00дөн 21:00гө чейин унаалар акысыз жүрөт. Жалпысынан 40 унаа бул акцияга катышат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу Свердлов райондук акимиаты шаардыктарды ташуу үчүн 20 унааны чыгарган. Маршруттар унаанын алдыңкы айнегинде көрсөтүлүп, ошол аймактын чегинде жүрөт.