Шайлоо-2021. Рыскелди Момбеков чуулуу дипломунан улам жарыштан четтетилди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-ноябрдагы жыйынында «Социал-демократтар» партиясынын курамы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Рыскелди Момбековдун каттоосун жокко чыгарды. 

Бул чечимге БШКнын 10 мүчөсү добуш берди. Буга чейин УКМК Момбековдун Кыргыз улуттук университетинин дипломун жасалмалоо фактысын иликтеп жатканы маалымдалганТергөөчүлөр Улуттук архив фондунан Момбековдун диплому тууралуу маалымат берүүнү суранышкан. 2020-жылы 16-мартта Архив фондунан жооп келген. Анда КУУнун диплому Момбековго таандык эмес экени, дипломдун номуру башка адамга берилгени айтылат. Бул Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын диплому да жасалма документтин негизинде алынганын билдирет.

Депутаттыкка талапкердин айтымында, өзү 2017-жылы, 2018-жылы УКМКнын төрагаларына, 2020-жылы билим берүү министрине дипломуна байланыштуу иликтөө жүргүзүп, тактап берүүнү суранган. «Мен өзүм иликте деп берсем, мени бүгүн жиликтеп жатышат», — деген эле Рыскелди Момбеков.