Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо дайындалган күндөн тартып, башкача айтканда, 29-августтан 4-ноябрга чейин шайлоо процессинин бузулушу боюнча 34 кайрылуу келип түшкөн.
Алардын ичинен:
- БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна – 17;
- Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча БШК Жумушчу тобуна – 13;
- БШК Маалымдоо жана үгүттөө маселелери боюнча жумушчу тобуна – 4.
Укук коргоо органдары тарабынан 7 кайрылуу Маалыматты каттоо журналында катталган. Алардын ичинен 5 – номенклатуралык иш, 1 иш боюнча териштирүү жүрүп жатат, 1 иш ОШКга карап чыгууга берилди. 10 кайрылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган, алардын ичинен 4 иш боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат, 6 кайрылуу боюнча кылмыш тутумунун жоктугуна байланыштуу териштирүү токтолгон, дагы экөө ИИМдин кароосунда.
Борбордук жана округдук шайлоо комиссиялары тарабынан төмөнкүдөй чаралар кабыл алынды. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузуулар үчүн 5 жазуу түрүндөгү эскертүү берилди:
- О.Нурбек уулуна, №32 Кочкор округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер;
- Н.Талиповго, №3 Кадамжай округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер;
- Ш.Ташиевге, №14 Жалал-Абад округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер;
- Б.Бегалиевге, №25 Аламүдүн округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер
- Б.Бекешевге, №28 Октябрь округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер.
- 1 айып пул салынды:
- И.Чотобаевге — 7 500 сом өлчөмүндө шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандыгы үчүн.
- Тийиштүү органдарга жөнөтүү чечими кабыл алынды:
- К.Тайчабаровго карата шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандыгы үчүн мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн президентинин администрациясына материалдарды жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды.