Шайлообек Атазов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен макул болбой, митингге чыкты

Бишкекте бир мандаттуу Свердлов округундагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгында утулуп калган Шайлообек Атазовдун тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Видео Фейсбукка жарыяланды.

Атазов кайра шайлоо ачык-айкын өткөнүн, автоматташтырылган башкаруу системасына жана серверлерге дооматы жоктугун белгиледи. Бирок ал бул округ боюнча жеңишке жеткен талапкердин добуш сатып алуу менен кармалганын айтып, ИИМ бул боюнча чечим чыгарат деп ишенерин айтты. «Талапкерди пара алып жаткан жеринен кармашып, 200 миң сомго жакын акча табышкан, бардык далилдер бар. Эми Ички иштер министрлигинин чечимин күтүп жатабыз. Бүгүн биз коррупционерлер, мафия менен күрөшүшүбүз керек. Алар шайлоочуларды тынымсыз сатып алууда. Качан акыйкат болот? Ошондуктан кечээки шайлоодо округубуз боюнча 100 пайыз жеңишке жетиштик», — деди ал.