Шайлоого жана үгүт иштерине кайсы партия канча акча коротту?

Талапкерлер жана партиялар 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого сарптоолору жана салымдары тууралуу жума сайын маалымат берип турушат. Мыйзамдык ченемдерге ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкүлөрдөн түзүлүшү мүмкүн:

Ошол эле учурда фонддун максималдуу суммасы 300 миллион сомдон ашпашы керек. Шайлоого 21 саясий партия катышууда.

Жалпысынан 10-ноябрга карата партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсебине 147 миллион 509 миң 628 сом түшкөн. Ал эми 124 миллион 453 миң 617 сом жумшалган. Киреше жана чыгаша боюнча “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Альянс” партиялары лидерлик кылышкан.

Кактус сайтынын графиги