Өкмөт шайлоого карата call-борбор ачты

Hand holding telephone

Кыргыз өкмөтүндө 9-10-январь күндөрү эртең мененки саат 7:30дан тарта шайлоо жана референдумду өткөрүү маселеси боюнча call-борбор иш алып барат. Ага ар бир шайлоочу «түз байланышка» чыгып, электр энергиясынын, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тараптан эрежелердин жана башка талаптардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маалымдай алат.

«Түз байланыш» телефондору: (0312) 66 28 58, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11. Телефон чалуулар Бишкек шаардык телефон тармагынын стационардык телефондорунан акысыз түрдө, ал эми аймактардан жана уюлдук байланыш операторлорунан бекитилген тарифтерге ылайык саналат.