Бүгүн, 2-сентябрдагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Гуля Кожокулова БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровго кезексиз шайлоо өтөрү боюнча сөз тарап жатканын айтып, БШК даярбы же жокпу сурады.
«Жогорку Кеңештин мөөнөтү 2026-жылдын ноябрында бүтөт. Кезексиз шайлоо боюнча чечимди парламент гана кабыл ала алат. Учурда БШК жоболордун 90 пайызын жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык келтирди. Шайлоо качан болсо да даярбыз», — деди ал.