Шайырбек Ташиев Тогуз-Торо милициясына унаа белек кылды (сүрөт)

Бүгүн 9-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев тарабынан Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө “ВАЗ 2121” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Шайырбек Ташиев өз сөзүндө Тогуз-Торо району облустун алыскы аймактарынын бири экендигин белгилеген. Районго баруучу жолдун катаалдыгын, аба ырайы тез-тез өзгөрүп тургандыгын айтып, унааны ушул тарапка берүү чечимин кабыл алгандыгын айтты. Мындан ары да Жалал-Абад облусунун башка райондоруна колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин майрамдары менен куттуктап, коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон зор салымдарын белгилеп, иштерине ийгилик каалады.

Мындан тышкары, кызматта жетишкен ийгиликтери жана милициянын участкалык инспекторлорунун күнүнө карата бир катар кызматкерлер Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан Алкыш, ИИМдин төш белгилери жана медалдары менен сыйланышты.