Шакиевдин Бишкектин 4 районун кыргызчалоо керек дегенине Орусиянын депутаты реакция кылды

February 21, 2018. - Russia, Moscow. - Russian State Duma plenary session. In picture: First Deputy Chairperson of the State Duma Committee on International Affairs Svetlana Zhurova. Photo: duma.gov.ru

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын мүчөсү Светлана Журованын айтымында, эгерде Бишкектин райондорунун аталыштары өзгөртүлсө, анда Кыргызстан Украинанын жолуна түшөт. Бул тууралуу «Говорит Москва» радиостанциясы жарыялады.

«Бул жөн жеринен эмес. Бул жыйынтыгында орус тилин толугу менен чыгарып салууга карай башталган алгачкы кадамдар. Кийин мектептерге өтүшөт, андан ары Грузиядагыдай дээрлик орусча сүйлөбөгөн жаштар өсөт. Биз тараптан андай кылбагыла, себеби бул Кыргызстандагы орустардын укугун бузат деген суранычтар айтылышы мүмкүн. Украинада ушундай жол менен башталганын билебиз. Мамлекеттик тилди коргоо сыяктуу болгон, ошол эле учурда адамдар орусча сүйлөбөй тургандыгын акырындык менен түшүнүшкөн», — деди ал.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты бул маселе жогорку мамлекеттик деңгээлде талкууланышы ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес. «Владимир Владимровичке маалымат жеткирилип, ал Кыргызстандын президентине кандайдыр бир эскертүү кылса керек», — деди ал.

Кечээ, 25-ноябрда элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Бишкектин 4 районунун аталышын тез арада өзгөртүү керек» деген.