Шашылыш билдирүү! 14-мартка чейин өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү мүмкүн

11-марттан 14-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.

Бишкек-Ош унаа жолунун: 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун: 1-14 чакырымы (Өтмөк ашуусу);

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун: 70-107 чакырымы;

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун: 68- 113 чакырымы (Чапчыма ашуусу);

Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун: 0-3 чакырымы;

Бишкек-Нарын-Торугарт: 292-305 чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымы (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымы (Кара-Гөө ашуусу);

Арал-Миң-Куш унаа жолунун: 1-14 чакырымы;

Каракол-Эңилчек унаа жолунун: 45-50 74-86 чакырымы (Чон-Ашуу ашуусу);

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун: 52-68 чакырыы (Сөөк ашуусу);

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.