Шашылыш билдирүү. Өлкөнүн айрым аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн

28-январдан 30-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында жана Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.