Шашылыш билдирүү! 4 күн аралыгында тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт

16-19-июнь күндөрү туруксуз аба-ырайы болуп, 4 күн катары менен жаан жаап, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Андан сырткары дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.