Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

Эртең, 15-апрелдин экинчи жарымында жана 16-17-апрель күндөрүнө чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаздын келиши менен республика боюнча табигый процесстер активдешүүсү күтүлөрүн байма-бай эскертип келүүдө.