«Шектүүнүн сөзү бизди кыжаалат кылды». Эки баласы менен кошо киши колдуу болгон аялдын апасы арыз-муңун айтты

Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кезексиз жыйыны өтүп, анда үч кишинин өлтүрүлүшү боюнча жабырлануучунун сөзү угулду. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Айым депутаттардын форумунунун жыйынына төрайым Миргүл Темирбаева, эл өкүлдөрү Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Аида Исатбек кызы, Нилуфар Алимжанова, Жылдыз Таалайбек кызы катышты.
Эки баласы менен чогуу киши колдуу болгон Алтынай Канзаманованын 82 жаштагы апасы Уру Дюшебаева депутат айымдардын форумуна адилеттик издеп кайрылып, жыйында арыз-муңун айтты. Ал үч кишинин өлтүрүлүшү боюнча соттук отурум 9 айдан бери созулуп, чечим чыкпай жатканына нааразылыгын билдирди. “Бул каргашалуу окуя 16-февралда болгон, тогузунчу ай кетип жатат. Улам сот процесси ар түрдүү шылтоолор менен созулуп келүүдө. Соттор чечкиндүү болбой жатат. Кечээги сотто өзүн куткарыш үчүн башкача айтып жатканы бизди кайра кыжаалат кылды. Бизге жардам берүүңүздөрдү суранам”, — деди Уру Дюшебаева.

16-октябрда резонанстуу окуя боюнча Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда отурум болуп, анда үч өлүмгө айыпталып жаткан шектүү Чынтемир Ашыралиев мурунку берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, аялды жана анын эки баласын өлтүргөн эмесмин деп чыккан.
Айым депутаттар форумунун төрайымы Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңештен кайрылуу жасап, сот процессин көзөмөл кылууга мыйзам чегинде көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Нилуфар Алимжанова маселе боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылуу жолдоо сунушун айтты. Ал эми эл өкүлү Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңдик боюнча кеңештин 19-октябрда өтө турган жыйынына тийиштүү органдардын өкүлдөрүн чакырып, аталган маселени кароо сунушун берди.