Сизди карточкаңыз жок троллейбустан же автобустан түшүрүп салдыбы? Мэрия бул мыйзам бузуу экенин айтты

20-августтан тарта Бишкектеги коомдук транспортто накталай төлөм алып салынган. Мындан улам СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «карточкасы жок адамдарды троллейбустан айдап чыгарып салып жатат» деп кайрылышты.

«Карточкасы жокторду «түш эле түш» деп кууп түшүүдө. Карточканы ичинде 30 сом сатып жатат. Ага бирдик жүктөй албай атабыз дегендер андан көп. Ызы-чуу. Кээ бири айла жок 30 сомго карта алып, кетип жатышат. 11 сом ордуна 30 сом төлөп», — деди окурман.

Редакция мэрияга «карточкасы жок адамды айдоочу коомдук транспорттон кууп түшүрүп салууга укугу барбы?» деген суроо менен кайрылганыбызда, укугу жок экенин билдиришти. «Биз 1-2 күн түшүнүү менен кабыл алабыз. Бирок түшүрүп салуу боюнча буйрук берилген эмес. Бул бузуу болуп саналат», — дешти алар.

Ошондой эле муниципалдык транспорттун, автобустардын жана троллейбустардын айдоочулары накталай акча менен төлөөнү талап кылууга укугу жок экенин да билдиришти. Накталай төлөм кабыл алган фактылары болсо, видео жана фото фактыларды whatsapp номерине жөнөтүңүз: 0703 936319, 0706 166665.