Сочиде өткөн көргөзмөдө Кыргызстанда чыгарылган колбасанын түрлөрү да коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Орусия) болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындарына арналган “Евразия — биздин үй” эл аралык көргөзмөсүнө делегация башчылары менен бирге катышты.

Көргөзмөнүн жалпы аянты 7 миң чарчы метрден ашуун аянтты түздү. Көргөзмөдө Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттерден, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен 150дөн ашуун компаниялар өз продукцияларын көрсөтүштү. Көргөзмөдө ошондой эле, Кыргыз Республикасынын стенди дагы орнотулду. Анда өнөр жай кооперациясынын жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциялары коюлган. Көргөзмөдө балык, эт, сүт азыктары, кайра иштетилген жашылча-жемиштер, кондитер, ширелер, улуттук суусундуктар жана бал азыктары сыяктуу азыктардын ар кандай түрлөрү көрсөтүлдү.

ЕАЭБ жана КМШ Өкмөт башчылары “Евразия электробус” кооперативдик долбооруна өзгөчө көңүл бурушту. Долбоордун негизги максаты – ЕАЭБ өлкөлөрүндө эксплуатациялоо үчүн эң ылайыктуу, электр станциясы менен шаардык автобусту иштеп чыгуу.