Социалдык тармактардагы пенсия 65 пайызга көтөрүлдү деген маалымат калп

Социалдык тармактардагы өлкөнүн жарандары үчүн пенсиянын өлчөмү кескин көбөйгөндүгү тууралуу тарап жаткан маалыматтар калп. Бул тууралуу расмий төгүндөөнү президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү таратты.

Маалымат мейкиндигинде мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 2020-жылдын 1-декабрынан тартып пенсияны 65 пайызга — 5723 сомдон 9 443 сомго көтөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат таркатылып жатат.

«Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган болуп саналат», — деп жазылат маалыматта.

Ушул жылы Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатат. Бул максаттар үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат талап кылынат.