Социалисттик эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 19-ноябрда Социалисттик эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдык мааракесине арналган эскерүү иш- чарасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгиленди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Эскерүү алгач маркумдун «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү күмбөзүнө барып куран окуу жана эстелигине гүл чамбар коюу менен башталды. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов барып катышты. Андан соң, 100 жылдык мааракеге арналган эскерүү иш-чарасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уланды. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият министри Алтынбек Максутов, Кыргыз эл баатыры Апас Жумагулов жана башка белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Корчубек Акназаровдун жакындары катышты.