Соцтармакта чек ара жаңжалында каза тапкан капитан Нурсултан Манасбек уулунун сүрөтү тарады

Соцтармактарда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан каза тапкан жоокердин сүрөтү тарады. Капитан Нурсултан Манасбек уулу Жалал-Абад облусунун Авлетим айылынан. №2053 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. 28 жашта болгон.

«Эл өз баатырларын тааный жүрсүн», — деп жазды соцтармак колдонуучусу Зульфия Кожоева.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги чек арадагы жаңжалдан 134 адам жаракат алып, алардын 13ү каза тапканын билдирген. Алардын үчөө «Бөрү» атайын отрядынын жоокерлери болчу. Ал эми калган жай жарандардын аты-жөнү соцтармактарда жарыяланган.