Соцтармакта эки жубайлуу эркек кишинин 60 жашын белгилеп той бергени талкууга түштү

Соцтармакта эки жубайлуу эркек кишинин 60 жашын белгилеп той бергени талкууга түштү. Бул саамалыктан видеону соцтармактагы баракчасына шоумен Кубаныч Баркалбасов жарыялады.

Шоумендин айтымында, ал жакшылыгын алып барган той ээсинин эки жубайы бар.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Кубаныч Баркалбасовго байланышып, жогорудагы билдирүүнүн чоо-жайын сурады. «Экинчи аялына үйлөнгөнүнө 20 жылдан ашыптыр. Эки аялынан балдары, неберелери бар экен. Ынтымактуу экен. «Биз эч кимден жашырбайбыз жана жашыргыбыз да келбейт. Кудайга шүгүр, бизде баары жакшы» деп айтышкан. Сүрөттү алардын уруксаты менен жарыялагам», — деди ал.

Мыйзамда бир убакта эки же андан көп аял менен түтүн булатууга тыюу салынган. Мындай кылмышка барган эркек эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

179-берене. Эки жана андан көп аял алуу

Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, эркектин жалпы чарба жүргүзүү менен эки же андан көп аялдар менен чогуу жашоосу, —

II категориядагы коомдук иштерге, же I категориядагы түзөтүү жумуштарына, же II категориядагы айып салууга жазаланат.