Соцтармакта талкууга түшкөн депутат ант берүүдө сүрдөп кеттиби?

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары ант берип, БШК төрагасынан төш белги менен күбөлүк алып жатышат.

12-округдан депутат болуп шайланган 25 жаштагы Бекмырза Чолпонбай уулу сүрдөп, ант берүүнүн текстин унутуп калып жатып, 3 жолу ант берди.

Бекмырза Чолпонбай уулу Бишкектеги «Жаңыбайдын самсасы» кафесинин ээси, жеке ишкер Чолпонбай Исмаиловдун уулу экени маалым болгон.