Соцтармактарда ​​Эмомали Рахмондун каза болгону тууралуу маалымат тарап жатат. Тажик бийлиги үн ката элек

Социалдык тармактарда Тажикстандын Кыргызстандын аймагына кол салгандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон инсульт болуп, каза болду деген маалыматтар пайда болду. Бирок коңшу өлкөнүн расмий органдары бул маалымат боюнча реакция кыла элек. Бул тууралуу «Кактус» жазды.

Бүгүн, 27-сентябрда Тажикстандын президентинин сайтында Рахмон Орусиянын президенти Владимир Путинге Ижевск шаарындагы мектепке куралдуу кол салуу болуп, анын кесепетинен балдардын жана чоңдордун өлүмү жана жаракат алганына байланыштуу көңүл айтканы тууралуу пресс-релиз чыкты.

Ага чейин 20-сентябрда Рахмондун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен, 18-сентябрда Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу маалымат жарыяланган. Рахмондун акыркы сүрөттөрү 16-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуунун жыйынтыгы боюнча жарыяланган.