Сокулукта заманбап спорт комплексинин курулушу башталды

Сокулук районунун аймагында борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

13-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Сокулук айылындагы борбордук стадиондун курулушуна старт берди. Капсула салуу аземинде УКМК башчысы бул жерде футбол стадиону гана эмес, тиешелүү инфраструктурасы бар заманбап спорт комплекси да куруларын, анын жалпы аянты 15 миң м2ден ашарын белгиледи. Буга байланыштуу Ташиев Мамкурулушка Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте тийиштүү долбоорду даярдоону тапшырды, ошондой эле долбоор өз убагында каржылана тургандыгы белгиленди.

Ошондой эле, генерал-полковник өлкө боюнча спорттук объектилерди куруу, реконструкциялоо иштери жүрүп жатканын айтып, жакынкы келечекте эл аралык деңгээлдеги мелдештер өткөрүлөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары УКМК төрагасы өлкөдө мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча иштер уланып, мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилер мамлекеттин балансына кайтарылып жатканын, ошондой эле мурда өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен жаратылыш байлыктары тыкыр көзөмөлгө алынганын маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Ташиев жаш спортчуларга спортто, окууда чоң жетишкендиктерди каалап, мындан ары да өлкөнүн келечек муундарынын ден соолугу үчүн мамлекет тарабынан спортчуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.