Сокулук районундагы УКМКнын жаңы имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды

16-майда капиталдык оңдоодон кийин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, УКМКнын өздүк курамы, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышышты. Жаңы имарат кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган жана иштөө шарттары бардык талаптарга жооп берет.