Сокулукта көгала болуп сабалган баланын атасы шектүүгө — иш берүүчүгө 60 миң сом карыз болгон. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын башчысы Аскат Азарбеков билдирди.
Анын айтымында, баланын атасынын документтери да жок. Ошондуктан ал укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Буга чейин да Акыйкатчы институту маалымат таратып, баланын атасы иш берүүчүгө акча карыз болуп калгандыктан үй-бүлөсү кулчулукта жүргөнүн айткан. Ал эми баланын апасы иш берүүчү менен жашап алган.
3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылган.












