Сокулук РИИБдин башчысы жана орун басары ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ички иштер министрлигинин буйругу менен иш-аракеттери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, ишенип берилген өздүк курамдын кызматтык ишине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу үчүн Сокулук РИИБдин башчысы Уран Шамбетов жана анын орун басары Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү Дүйшөнбек уулу Тилек ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулду. Ушул эле буйрук менен ИИМ, Чүй ОИИББдин 2 жетекчисине жана 5 кызматкерине тартиптик жаза берилди.