Соңку 10 жылда чет өлкөдөгү мекендештер 23 миллиард долларга жакын акча которгон

Кечээ, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция маселелери боюнча кеңештин жыйыны өттү. Ага депутаттар, Министрлер кабинетинин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Жыйынды ачкан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Миграция маселелери боюнча кеңештин максатына токтолуп: “Миграция тармагы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени көп мекендештерибиз чет өлкөдө жашап, эмгектенип келишет. Алардын өз үй-бүлөсүнө эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. Аларга ар тараптуу жардам берип, көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүбүз кажет”, – деди.

Андан соң Миграция маселелери боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман баяндама жасап, 2022-жылы аткарылган иштер, кийинки жылга карата мерчемделген жумуштар тууралуу маалымат берди. Акыркы 10 жылдагы статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 8,75 миллиард доллар, ал эми чет өлкөдөгү мекендештерибиз которгон каражаттын көлөмү 22,9 миллиард доллар болгонун айткан Медер Рахман миграция маселесине өзгөчө көңүл буруп, өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду.

Талкуу маалында депутат Шайлообек Атазов коомдук башталышта иштеген Миграция маселелери боюнча кеңештин ишине жогору баасын берип, тиешелүү министрликтерди биргелешип иш алып барууга чакырды. Депутат Айбек Маткеримов эмгек мигранттары тушуккан бир катар көйгөйлөрдү көтөрдү.