«Соңку эки жылда пенсия олуттуу түрдө жогорулады». Президенттин куттуктоосу

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Улуу муун өкүлдөрү үчүн мамлекет тарабынан татыктуу жашоо шартын түзүү, алардын коомдун жашоосуна жигердүү катышуусун камсыздоо аракети ар дайым жүргүзүлүп келет. Улгайган жарандарыбызды социалдык жактан коргоону камсыздоо үчүн пенсия өлчөмдөрүнө жыл сайын индексация жүргүзүлүүдө. Соңку эки жылда пенсия олуттуу түрдө жогорулады. Өткөн жылы 33 пайызга көбөйтүлгөн болсо, быйыл 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга көтөрүлдү. Ошондой эле өткөн жылы социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 100 пайыз жогорулаган эле.

Мамлекеттик саясаттын негизги багыттары — Туруктуу өнүгүү максаттарын эске алуу менен адамды, анын ичинде улуу муундун өкүлдөрүн өнүктүрүү. Ал эми «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» алгачкы Жарлыктын алкагында адеп-ахлактык, маданий мурастарды жайылтуу, нарк-насилибиздин негизинде үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, көкүрөгүнө нарк-насилди уюткан кадырман карыларыбызга кам көрүү жаатында иш-аракеттер байма-бай жүрүп жатат.

Кылымдардын кыйырынан бери тажрыйбаланып, мезгил сыноосунан өткөн салт-санаа, үрп-адаттарды уул-кыздарына, небере-чөбөрөлөрүнө аярлап сактап, үйрөтүп, өткөрүп берүү менен алектенген аталар, апалар, баарыңыздарды Карылардын эл аралык күнү менен дагы бир жолу куттуктайм! Көптү көрүп, көсөм болгон аксакалдуу аталарыбыздын, ак саамайлуу энелерибиздин акыл сөздөрү, нуска кептери арбын айтылып, кийинки муун улуулардын бата-тилектерин алып, келечекке аттанган улуу салтыбыз түбөлүк жашай берсин. Элибизде “Карысы бардын – ырысы бар” деп айтылат эмеспи, Кыргызстандын ырысы эч качан кемибесин! Ар бир үйдүн куту, төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиздер, бар болуңуздар, кадырман карыларым!».