«Сөөгү кечээ жерге берилди». Чек арадагы атышууда 54 жаштагы жаран каза болду

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кыргыз-тажик чека арасындагы атышууда 24 кыргызстандык каза болгонун билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги атышууда каза болгон 54 жаштагы Паскы-Арык айылынын тургунунун жакыны менен байланыштык. «Жусупбек Нурматовго ок тийиптир, ал кечээ, 16-сентябрда көз жумду, ошол эле күнү жерге берилди. Ал 1968-жылы туулган. Эки кыз, бир уулдун атасы болчу», — дешти алар.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги чек арадагы атышуудан жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтат.