25-декабрда Бишкекте экс-депутат Асылбек Жээнбеков кызы Бегимайды узатып, той өткөргөн. Той Асылбек Жээбековдун борбордогу кичи райондордун бириндеги үйүндө өткөн.
Бүгүн, 30-декабрда социалдык тармактарга тойдо тартылган видео жарыяланды. Анда мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун эки жашка батасын берип, ырдаган жигиттер үчүн акча кыстырып жатканын көрүүгө болот. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров куда катары төрдө отурат.