Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Ага байланыштуу Сосновка көзөмөл өткөрмө жайында оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди.

Айдоочулардын унааларынын абалы текшерилип жатат.  Ошол себептен Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга Бишкек-Ош унаа жолунда жүрүүдө баардык коопсуздукту жол эрежелерин так сактоого, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.