Сот БШКнын Бекмурза Эргешовго байланыштуу чечимин жокко чыгарды

Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын №7 Ош бир мандаттуу округунан талапкер Бекмурза Эргешовду жарыштан четтеткен чечимин жокко чыгарды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шайлоо округу боюнча депутаттыкка эки талапкерди каттоону жокко чыгарган. Алардын бири Бекмурза Эргешов болчу.

25-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына Ош шайлоо округунун талапкерлеринен Эргешовду каттоону жокко чыгаруу талабы менен жамааттык арыз келип түшкөн. Билдирүүдө талапкер үгүт иштерин жүргүзүүдө кызматкерлерди тартуу менен административдик ресурсту системалуу түрдө колдонот деп айтылат. Борбордук шайлоо комиссиясы мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен талапкер Бекмурза Эргешовду каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Эргешов БШКнын үстүнөн сотко кайрылган.