Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы “Кабарлар” сайтынын жетекчиси Үмүт Мукамбетованы актаган чечим чыгарды. Судья Марлен Тентимишов аны кылмыш курамынын жоктугу үчүн күнөөсүз деп таап, өкүм чыгарды.
Белгилей кетсек, 22-февраль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетованы 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармаганын айтышкан. Анда күч органдары Мукамбетованы Жазык кодексинин 203-беренеси менен (“Опузалап талап кылуу”) шектеп кармашкан. Кийин сот аны үй камагына чыгарган болчу.