Сот «Кумтөрдү» 3 миллиард долларга жыкты. Чечимдин көчүрмөсү соцтармакка жайылды

A worker holds a polished gold alloy bar in a workshop at Kumtor gold mine extraction factory in the Tien Shan mountains, some 350 kilometres (218 miles) southeast of the capital Bishkek near the Chinese border March 14, 2013. Kumtor - which means Sand Peak in the Turkic national tongue is located at more than 4,000 m (13,000 ft) above sea level and is the second-highest gold mining operation in the world. TO GO WITH STORY KYRGYZSTAN-GOLD/ Picture taken March 14. REUTERS/Shamil Zhumatov (KYRGYZSTAN - Tags: BUSINESS COMMODITIES)

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясынан мамлекеттин пайдасына 261 миллиард 719 миллион 674 миң 80 сом өндүргөн чечим чыгарды. Ошондой эле аталган компаниядан 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом мамлекеттик пошлина төлөтүү тууралуу да жазылат. Мындай чечим соцтармакка жайылып кеткен соттун чечиминде айтылат.

Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов “Кумтөр голд компани” ишканасынын үстүнөн сотко арыз жазган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан. Райондук сот калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп тапкан.

Мамлекеттин пайдасына өндүрүлсүн деп чечим чыгарылган сумма азыркы курс боюнча 3 миллиард 86 миллион 450 миң доллардын тегерегин түзөт.

Кечээ, 6-майда Жогорку Кеңеш Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алган эле.