«Сотко берейин деп жатам». Санжар Мыкыев Гүлзат Мамытбек ыйлаган окуя боюнча үн катты

Кечээ, 19-сентябрда блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасына ыйлаган видео жүктөгөн. Анда ал иш-чарада сүйлөп жатканда анын микрофонун өчүрүп салышканын айткан. «Мен Санжар Мыкыевге эмне кылдым, Нурсултан Майназаровго кандай жамандык кылдым түшүнбөйм», — деген ал.

Ал ошол эле күнү видео жүктөп, кыргыз элине, катталуучуларына ыраазычылык билдирип, уюштуруучулар кечирим сураганын билдирди.

Окуя боюнча алып баруучу, шоумен Санжар Мыкыев үн катты. «Биз айда бир иш-чараларда көрүшүп, жылмайып учурушып калчубуз. «Санжар Мыкыевге эмне кылдым?» деп эмнеге айттыңыз билбейм. 2 миң адам, бүт блогерлер болгон жердеги боюнча калп айтыптырсыз, эжеке. Элдин оюн манипуляция кылып, мени ит эле кылдыңыз. Азыр бир тараптуу ойлонгон элибиз сизди эле укту да. Эжекенин өз кызыкчылыктары барбы, курсуңузду жарнамалай баштадыңыз, балким ошого жардамы тийип жатабы деп унчукпай коёюн десем, кечээги видеону ТикТокко жүктөп койдуңуз. Кадыр-баркка шек келтирүү боюнча мен сизди сотко берейин деп жатам», — деди ал.