«Сөз эркиндигине кысым». Болот Темиров өзүнүн кармоосу боюнча журналистке жооп берди (видео)

Милиция кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темировду наркологияга алып бара жатышат. Ал бара жатып журналисттердин суроолоруна жооп берди. Журналисттин айтымында, күч органдары кеңсеге кирип, экөө колун кайрып жерге жаткырышкан. Табылган затты ошол учурда арткы чөнтөгүнө салып коюшу мүмкүн экендигин айтты. Ошондой эле бул кармоону сөз эркиндигине кысым деп баалады.

Ал эми наркологиядан экспертизанын жыйынтыгы терс болуп чыкты.

Видео: Токтосун Шамбетов