«Спецназ болом, үйлөнөм деген пландары бар эле». 23 жаштагы Акадил Канатбеков көз жумду

Тажикстандын кол салуусунан Ысык-Көлдүн Тосор айылында 1999-жылы туулган Акадил Канатбеков көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришти.

«Спецназ болом, үйлөнөм деген пландары бар эле. Баткенде мурдагы күнү каза болгонун айтышып, бүгүн сөөгүн алып келе жатышат. Бирок ишене албай отурабыз», — дешти жакындары.