Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өздөрүн таратуу боюнча чечим кабыл алды. Бул сунушту 32 депутаттан турган демилгелүү топ жарыялаган. Катталган 89 депутаттын ичинен 84 депутат «макул» деп добуш беришти.
Добуш берүү аяктаган соң, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сөз сүйлөп, бул чакырылыш тарых жаратканын айтты. «Ушул күнгө чейин парламент бир да жолу өзүн-өзү тараткан эмес. 1994-жылы ошол кездеги президенттин жарлыгы менен парламент тараган. 2007-жылы президенттин жарлыгы менен таратылган. 2010-жылы убактылуу өкмөттүн жарлыгы менен таратылган. Азыркы Конституцияда президентке андай укук каралган эмес. Андыктан бул чечим парламенттин өз чечими болду. Биздин бул кадамыбызга президент же анын администрациясы, Министрлер кабинети же укук коргоо органды аралашкан жок», — деди ал.
Ал ошондой эле демилгелеген жана колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирди.