«Sputnik V» вакцинасын алгандан кийин каза болду делген аял. Министр өлүмүнүн себебин айтты

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөө алгандан кийин токсикология бөлүмүндө каза болгон 46 жаштагы Назгүл Исакованын өлүмүнүн себебин радионун эфиринде айтты. 

«Экспертиза ал жарандын вакцинаны алганга чейин коронавирус менен ооруганын далилдеди. Пневмония болгон, ал COVID-19дан көз жумду», — деди министр.

22-июлда Бишкекте 46 жаштагы Назгүл Исакова каза болгон. Жакындары анын «Sputnik V» вакцинасын алганын айтышкан. Исакова 19-июлда Sputnik V вакцинасын алгандан кийин дене табы жогорулаган. Тез жардам кызматы аркылуу Бишкек шаардык илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылып, ошол жерде көз жумган.