СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиевди акыркы сапарга узаттуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 26-февралда СССРдин Эл артисти Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиевди акыркы сапарга узаттуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, шакирттери жана үй-бүлөсү катышты.

Коштошуу зыйнатында СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиевдин дүйнө салгандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун көңүл айтуусу окулуп, анда кыргыз маданияты чоң жоготууга учурагандыгы, анын артында өлбөс-өчпөс из калтыргандыгы тууралуу баса белгиленип, Токтоналы Сейталиевдин жакын туугандарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айткандыгы айтылды.

СССРдин Эл артисти Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев 24-февраль күнү узакка созулган оорудан улам, 83 жаш курагында дүйнө салган. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди.