«Стадиондун ордуна көп кабаттуу үй курганы атышат». Бишкектин 6-кичирайонунун тургундары митингге чыгышты (сүрөт)

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарынын 6-кичирайонунун жашоочулары балдар ойногон кичи стадиондун ордуна көп кабаттуу үй курулуп жаткандыгын айтып, митингге чыгышты. Бул тууралуу тургундар социалдык тармактарындагы баракчасына жарыялашты.

Аталган кичирайондун жашоочусу Сергей Кожемякин SEREP MEDIA маалымат агенттигине жашоочулар буга чейин стадиондун ордуна көп кабаттуу үй салууга каршы экенин билдиришип, кол топтошконун айтты. Ага карабай бүгүн жеке курулуш компаниянын өкүлдөрү жерге экскаваторлор менен келип, тосмо орноткону жатышкан.

“Бул жаңы курулуштар түшпөгөн Бишкектин жалгыз кичирайону. Бул жакта күн сайын жер үчүн күрөш жүрүп келет. Биз райондун жашоочулары ар кайсы органдарга бир нече жолу өз алдыбызча кайрылып көрдүк. Курулуш компаниянын ишине жашоочулар макул эместигин билдирген кол тамгаларды чогултканбыз. Бирок алар экскаваторлорун жана башка курулуш шаймандарын алып келишиптир”, — деп билдирди ал.

Мындан улам окуянын чоо жайын териштирүү үчүн SEREP MEDIA маалымат агенттиги Бишкек мэриясына байланышканыбызда алар ишти тактоо үчүн окуя болгон жерге адистерин жөнөтүшкөнүн билдиришти.

“Мэрия дайыма эл тарапта жана мыйзам тарапта болуп келген. Бул боюнча окуялар териштирилип жатат. Жашоочулардын үнүн, нааразычылыгын укканы биздин адистер аталган кичирайонго кетишкен”, — деп үн катышты мэриядан.