Статистикалык комитет: «Өлкөдө кумшекердин баасы өсүп жатат»

Улуттук статистикалык комитет социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларына болгон баа боюнча жүргүзүлгөн мониторинг жарыялады.

Маалыматка караганда, 16-ноябрга карата кумшекерге болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 68,95 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 15 сомго же дээрлик 27 пайызга жогорулаганын көрсөттү. Ошол эле учурда, кумшекердин чекене баалары ушул мезгилде орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Кара-Суу (бир килограмм үчүн 76,48 сом), Ноокат (75 ), Баткен жана Ош (73,72 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Кербен (65 сом), Каракол (65,15 сом) жана Токмок (65,39 сом) шаарларында катталды.

Ноябрда өткөн айга салыштырмалуу республикада кумшекердин чекене баалары 1,2 сомго же 1,8 пайызга жогорулады. Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү ушул жылдын өткөн айга салыштырмалуу Кара-Суу — 7,1 пайызга, Балыкчы жана Баткен шаарларында — 4,5 пайызга өскөнү катталды.