Статком: «Айрым тамак-аш продуктуларына болгон баалардын төмөндөшү байкалууда»

2021-жылдын июлунда картошканын чекене баалары республика боюнча орточо 1 килограмм үчүн 41,63 сомду түздү. Мурунку айга салыштырмалуу 19,1 сомго төмөндөгөнүн,  помидордун баасы 1 килограмм үчүн 51,13 сом болуп, мурунку айга салыштырмалуу 20,4 пайызга төмөндөгөнүн, бадыраңдын баасы 1 килограмм үчүн 21,35 сом болуп, мурунку айга салыштырмалуу 25,6 пайызга төмөндөгүнүн көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Муну менен бирге, картошканынэң төмөн баалары Өзгөн (31,98 сом), Баткен (34,75 сом) жана Исфана (35,99 сом) шаарларында белгиленди, ал эми аларга карата максималдуу баалар Бишкек шаарында (43,88 сом), Токтогул шаарында (44,13 сом) жана Чаек айылында (45,60 сом) катталган.

Помидорго Покровка айылында (29,58 сом), Нарын (35 сом) жана Кербен (38,06 сом) шаарларында минималдуу чекене баалар катталды. Бадыраңга Токмок (18,79 сом), Талас (19,58 сом) шаарларында минималдуу баалар байкалды.