«Стратегиялык объектилерди коргоо күчөтүлдү». УКМК шайлоого дагы кандай даярдык көрүүдө?

Улуттук коопсуздук боюча мамлекеттик комитетинин өздүк курамы президенттик шайлоо жана референдумга байланыштуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү.

“УКМКда өлкөдөгү шайлоого байланыштуу кырдаалга мониторинг жүргүзгөн оперативдүү штаб иштеп жатат. Шайлоону үзгүлтүккө учуратууга багытталган түрдүү чагымчылдыкты токтотуп калууга өзгөчө көңүл бурулат. Жарандардан чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жайылтуудан алыс болууга чакырабыз.

Стратегиялык маанилүү болгон объекттерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлдү. Өлкөгө кирип-чыккан жарандар боюнча укук коргоо органдары жана Чек ара кызматы тарабынан фильтрациялык иш жүргүзүлүүдө, анда террорчул жана диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн аныктоо каралат. Ошондой эле, чек арага чектеш аймактарда чыр чыгып кетүүсүнө жол берөө боюнча да иштер жүрүп жатат”, — деп УКМКнын маалыматында жазылат.