Кечээ, 24-апрелде «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду.
Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды.
- Өткөн жылдын ноябрь айында “Социал-демократтар” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү добуш сатып алууга шектелип кармалганын Бишкек ШИИБден билдиришкен. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште «Ирина Карамушкина менен Темирлан Султанбеков бизге душман эмес. Алар мыйзамды бузушту, кандай гана артыкчылыктары болбосун, мыйзам менен жооп берет. Султанбеков боюнча «ага эрегишпегиле, ал бала» деп жатышат. Анда өзүн баладай алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келет. «Эгер башкара албасаңар, мен башкарайын» деп жатат. Өлкөнү башкаргыдай болуп чоңойсун», — деген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram